Кыргыз-Тажик чек арасына жакын Көк-Таш айылынын тургундары: "Бизге Баткендин, Көк-Таштын ар бир метри алтындан да баалуу"
Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Жоробай Байзаков президентке, өкмөткө кайрылуу жасап жатып, Кыргыз-Тажик чек арасында ок атуу, таш ыргытуу өңдүү көрүнүштөр адатка айланып бара жатат деп билдирди.
"Көк-Таш, Баткен, Кыргыз мамлекети ата-бабалардан калган жер, ошол жерден биздин балдардын күлкүсү чыгып, эч бир коркунучсуз абалда чоңойсо деп тилейбиз. Тилекке каршы, күндөн-күнгө ал жерде улут аралык кастык күчөп, жаңжал ырбап жатат. Биз үчүн Көк-Таш айылынын ар бир метри алтынга алмашкыс баалуу. Бул жер маселесине кайдыгер карабай, ушул абалды эртерээк чечип беришет деп үмүт артып келдик", - деди ал.
Абдулла Назаров аттуу Көк-Таштын тургуну да сөз сүйлөп, абалдын ырбап баратканы өкүнүчтүү деген оюн айтты. Ал белгилегендей, Кыргыз жана Тажик жарандарынын үйлөрү аралаш болгондуктан, 2 бала уруша кетсе да улуттар ортосунда чыр чыгып кетүүдө. Мындан улам такталбаган аймактарга тактоо киргизип, тынчтыкты, ынтымакты камсыздоо учурдун чоң талабы болуп турат.
1410 Баткендин тургундары Куралдуу күчтөрдү түштүккө көчүрүүнү суранышты
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















