Абхазиянын президенти отставкага кетти
Абхазиянын президенти Рауль Хаджимба нааразычылык акциясынан улам кызматтан кетти. Бүгүн, 13-январда Абзахиянын парламенти Хаджимбанын отставкасын расмий кабыл алат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн вице-президенти Аслан Барниц билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Аслан Барниц өлкөдө туруктуулук болушу үчүн мамлекет башчысы тийиштүү документке кол койгонго туура келгенин билдирген. Абалды жөнгө салуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков аталган өлкөгө барган.
Буга чейин Абхазиянын борбору Сухумда президентти отставкага кетирүү талабы коюлган митинг өткөн. Нааразычылык акцияга чыккандар 2019-жылдын сентябрь айында өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышууда. 11-январда Жогорку Сот шайлоодогу Рауль Хаджимбанын жеңишин мыйзамсыз деп тапкан.
Бул аралыкта Абхазиянын Борбордук шайлоо комитети президенттик шайлоо кайрадан 2020-жылдын 22-март күнү болуп өтөт деп белгиледи.

Коррупция менен курошуу тандалма жолдор менен болду.Эгемендуулук алган жылдардан бери канчалаган жетекчилер казынага жеткирбей чонтокторун толтурушту.2010-жылдан кийинки жетекчилердин баарын текшеруу керек болчу.Эсеп палатасын кошуп.
Бугунку министрлердин копчулугунун мамлекетти кантип онуктуруу,план менен иштоо,жоопкерчилик дегенди билбегендер.Болгону буйрукту гана аткаргандар.