Австралия өкмөтү жаратылышты калыбына келтирүү үчүн 34 миллион 500 миң доллар бөлөт
Австралия өкмөтү өлкөдөгү узакка созулган өрттүн кесепетинен жабыр тарткан жаратылышты калыбына келтирүү үчүн 34 миллион 500 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлөт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Австралиянын каржы министри Жош Фрайденберг "Биз бүгүн өрттүн кесепетинен жабыр тарткан жаратылышты калыбына келтирүү жана сактоо максатында 50 миллион Австралия долларын (34 миллион 500 миң АКШ доллары) бөлүп жатабыз" деп жазган Twitter баракчасына.
Австралиядагы өрт 2019-жылдын октябрь айында чыккан. Өрттү өчүрүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын кесепетинен 5 миллиондон ашуун гектар аймак, 1 миллиарддан ашуун жаныбарлар күйүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.