super.kg logo

"Асмандагы Айды алып бере албайм, бирок Айга алып барып келем". Япон миллиардери Айга баруу үчүн өмүрлүк жар издеп жатат

 

Япон миллиардери Юсаку Маэдзава Айга саякат жасоо үчүн жанына өмүрлүк жар издеп жатат. Дал ушул максатта ал сынак жарыялаган. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазып чыкты.

Анда жазылгандай, сынак кечээ, 12-январда жарыяланган. Сынактын бир канча талаптары бар. Алар: Айга бара турган айым өзүнүн жеке көз карашы бар, 20 жаштан улуу, бойдок жана шайыр болушу шарт. Маэдзава өзүнүн бул долбоорун "олуттуу мамиле куруу" деп атаган.

"Маэдзава менен бирге адамдардын жана коомчулуктун пайдасы үчүн жакшылык кылуу ишмердүүлүгүнө салым кошууга даяр айымдарга сынак жарыяланат" деп жазылган билдирүүдө. Мындан сырткары, айымдар Айга учуудагы даярдыктарга макул болушу керектиги баса белгиленген. Сынак 17-январга чейин уланаары айтылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Маэдзава Илон Масктын "SpaceX" долбоорунун катышуучусу. Аны Айга дүйнөдөгү эң кубаттуу "Big Falcon Rocket" транспорттук системи алып барат. Айга учуу 2023-жылы ишке ашары айтылууда.

44 жаштагы Юсаку Маэдзава япониялык миллиардер-ишкер. "Forbes" журналынын 2017-жылдагы маалыматы боюнча, Япониядагы эң бай адамдардын 14-сабында турат. Байлыгы 3 миллиард доллардын тегерегинде. Ошондой эле, ал өлкөсүндө кыз жандуулугу менен таанымал. Көбүнчө жаш актрисалар менен мамиле курат жана ал мамиле эки жылдан ашык убакытка созулбайт. Буга чейин үйлөнгөн эмес, бирок түрдүү аялдардан 3 баласы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.01.2020. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каарыганда чалга эмне жок экен.Айга озу учуп кете берсин!
13.01.2020. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azatbek.Svoboda., ошону айтсан. Элдер уйлонгону Акча таппай жатса бул айга учам деп тообо!
13.01.2020. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туро гой кызым тура гой Айга учуш керек
14.01.2020. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurmanbek_81,Жардынго брат
13.01.2020. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ бул бабник турбайбы ишениш жок экен,жаш кыз шерик болсо алданып калат.Айга учуп барышып кызды айга таштап баса бериши да мүмкүн экен.
13.01.2020. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айда салют аткысы келген окшойт.
13.01.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми биздин кээ бир кыргыз сулууларыбыз кастингге катышып журбосо эле.)
14.01.2020. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликаны кошуп бергиле,отказ кылбаса керек.Барбаган жери ай эле калды окшойт өзү да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: