Президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү
Толгонай Стамалиева жана Наргиза Мансурова

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.
Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында - социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.
- Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз катчысы;
- Наргиза Мансурова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Назгүл Ташпаева президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
- Кудайберген Базарбаев президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
-1

