Бишкекте 6 айда жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 130 кылмыш катталган
2012-жылы Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган 188 кылмыш катталса, ушул жылдын 6 айында 130 кылмыш катталган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Свердлов районунда жашы жете электер тарабынан жасалган 43 кылмыш катталса, Ленин районунда 38, Биринчи Май районунда 29, Октябрь районунда 20 өспүрүм кылмыш ишине барган. Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2013-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 739 кылмыш катталган. 18 жашка толо эле өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар Ысык-Көл, Ош, Чүй жана Нарын облустарында көп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.