super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасындагы Көк-Таш айылынын жашоочусу: "Ата-энесин, жерин коргоп, Орусияга иштегени кетпей жүргөндөр көп"

 

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Мунарбек Каттабеков аталган айыл чек арада болгондугуна байланыштуу тажик тарап менен байма-бай жаңжал чыгып турарын айтты. Ал бүгүн, 13-январда Ак Үйдүн алдына чек арадагы ызы-чуу боюнча кармалган төрт жаранды бошотуу талабы менен чыккандардын бири.

Каттабеков суроолорго жооп берип жатып, Көк-Ташта канча ызы-чуу болсо да ал жерден көчүп кетүүнү ойлобогонуна токтолду.

"Чыр-чатак башталганда жергиликтүү элге оор эле болот. Коркунуч туулганда айылдагыларды мектепке көчүрүшөт, ал эми тажиктердин көчкөнүн көрбөйбүз. Бул бизди алар алдын ала даярданып, балдарды, аялдарды адегенде башка жакка көчүрүп коюп анан жаңжалды башташабы деген ойго түртөт. Биз аралаш жашайбыз, бир көчөдөн басып, бир арыктан суу алабыз. Ошондуктан күнүмдүк турмуш тиричиликтеги жагдайлардан да чыр чыга берет. Учурда айылда 3 миң адам жашайт дешет, бирок арасында чет өлкөгө иштегени кеткендер да бар. Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, кээ бир үй-бүлөлөрдө жумуштун жоктугуна карабастан ата-энесин, жерин коргоп, Орусияга иштеп келүүгө кетпей жүргөн жаштар көп.

Көк-Таш кимдир-бирөө үчүн жөн эле Көк-Таш болсо, биз үчүн туулган жер. Ал жерден көчүрөбүз дешсе да биз көчпөйбүз. Биз мекенибизди коргоого даярбыз", - деди Каттабеков.

Бүгүн Ак Үйдүн алдына "Чек ара" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана Көк-Таш айылынын тургундары чыгышты. Алар 9-январдан 10-январга караган түнү тажик тараптан ок атуу, таш ыргытуу болгондо чыккан төрт Кыргыз жаранынын кармалышы негизсиз деп, бошотууну бийликтен талап кылышты.






Баткендеги кыргыз-тажик чырында кармалган 4 жаранды бошотуу талабы коюлду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.01.2020. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Орусияга барып иштегенче мекенди коргогондун эмнеси жаман.
13.01.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуларга баатыр наамын бериш керек.ак уйду акча учун басып алгандарга эмес.кээ бироолорго катуу тийсе кечирип койгула.
13.01.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апрель баатырлары эр болсонор границага баргыла.Бакиевди кетирбегенинерде тажиктер баш котормок эмес. Отунбева элди атууга буйрук берген деп ватсаптарда таркап жатат.тарых алдында баатыр эмес куноокор болуп каласынар жакында.
14.01.2020. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Бийлик оз элине душман болдуго гуйбогон жеринди кул кылып жерин коргоп отурган элдерди кайра камаганы эмне деген шумдук айланайын
SUPER.KG видео
14.01.2020. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарып койгула бетинер жок экен, ок отып таш баранга алып атса туруп беришсинби аткыла деп. Аял башыбыз менен баргыбыз келип кетип атат жардамга, элди тажиктер кордоп атса. Бетинер жок экен ким камаса дагы патриоттук сезимддин "с"сы жок неме экенсинер
bema_bema түзөттү 2020-01-14 11:17:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: