Токтогулда унаа оодарылып, 1 адам каза болду. Дагы 6 адам жаракат алды
Токтогулда унаа жолдон чыгып оодарылып кетип, 1 адам каза болду. Мындан тышкары, 6 адам денесинен ар түрдүү жаракат алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"13-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө айылында) Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 6 адам ар түрдүү жаракат алды. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп басма сөз кызматынан билдиришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Жол кырсыгы абдан коп болуп жатат.Шашпаныздарчы!!!
Жакын туугандарына терээн кайгыруу менен конул айтамын.