super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча жабык эшик артында маалымат угулду

 

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш комитетинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маселе каралды.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев журналисттерге билдиргендей, комиссиянын иши боюнча эч кандай баа берилген жок.

"Комитеттин отурумунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат уктук. Жыйынга чек ара маселесин караган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чакырылган. Бирок алар азыркы убакта тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканына байланыштуу келе алган жок. Бардык кызматтын жетекчилеринин орун басарлары келди. Алардын маалыматтарын уктук. Тажик тарап менен сүйлөшүү болгондон кийин кайрадан маалымат угуп, Жогорку Кеңештин пленардык сессиясына алып чыгарабыз деген жыйынтык чыгардык", - дейт Нурбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: