Эске салсак, өткөн аптада Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартары тууралуу билдиришкен. Ошондон улам 13-январь падышалык үй-бүлө жыйыны өткөн.
|
Елизавета II ханзаада Гарри менен Мегандын жоругу боюнча комментарий берди![]() ![]() ![]() Елизавета II ханзаада Гарри менен Меган Марклдын падышалык үй-бүлө макамынан баш тартуу ниети боюнча расмий билдирүү таратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка ылайык, Елизавета II "Гарри менен Меган толук кандуу падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү бойдон калса жакшы болмок, ошентсе да алардын чечимин мен жана үй-бүлөм сыйлайбыз жана толугу менен колдойбуз", - деген. Ханышанын айтымында, үй-бүлөлүк жыйындын чечими боюнча, мындан ары Гарри менен Меган Канада жана Улуу Британияда жашай беришет. Бул боюнча толук чечим жакынкы күндөрү чыгат. Эске салсак, өткөн аптада Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартары тууралуу билдиришкен. Ошондон улам 13-январь падышалык үй-бүлө жыйыны өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
Рейтинг:
![]()
×
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:
|
Кээлер суктанып жургон уй-було,эркиндикти самашты .