super.kg logo

"Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны бир нече чакырымга жетти. Чек ара кызматы окуя боюнча эмне дейт?

 

"Ак-Тилек" Кыргыз-Казак чек арасынын өткөрмө пункту штаттык режимде иштөөдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 14-январь күнү Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Тилек автожол" өткөрмө пунктунда саат 14:30га карата Казакстанга бет алган 12 оор жүк ташуучу унаа бар. Кыргыз өлкөсү тарапта чек ара көзөмөлүндө оор жүк ташуучу унаалар үчүн эч кандай чектөө жок. Кыргыз чек арачылары документтерди текшерип, унааларга текшерүү жүргүзүүдө. Андан соң Казакстан киреше боюнча комитеттин өкүлдөрү тарабынан Казакстан аймагында текшерилүүдөн өтүшүүдө.

Өткөрүү пункту багытындагы автожолдун четинде 130 оор жүк ташуучу унаа токтоп турат. Айдоочулардын айтымында, алар жүк ээлеринен тиешелүү документтерди күтүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин "Ак-Тилек автожол" өткөрмө пунктунда автоунаалар 4 жумадан бери кезекте турушат" деген аталышта оор жүк ташуучу унаалардын бир нече чакырымга чейин 3 катар болуп тизилип турган видеосу тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак жол өтмөгү ачылганга чейин ушундай боло берет го.
14.01.2020. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Казактардан жакшылык үмүт кылбай эле койгула андан көрө эртерээк кыргыз өзбек кытай темир жолун бүтүрүп казактарсыз эле европага чыкканга мүмкүнчүлүк болот ошону тездетип бүтүрө жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: