super.kg logo

Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайда шектүү жарандын асынган абалдагы жансыз денеси табылды

 

Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайында кылмышка шектүү жарандын асынган абалдагы жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-январь күнү саат 08:30да Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында жалгыз камалып отурган 1977-жылы туулган К.Д.нын асынган абалда жансыз денеси табылган. Ал убактылуу кармоочу жайына 2018-жылдын 21-апрель күнү киргизилген.

Шектүү "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу", "каракчылык" жана "баңги каражаттарын же психотропук заттарды мыйзамсыз даярдоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул иш соттун кароосуна жиберилип, биринчи инстанциядагы сот тарабынан 7 жылга эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бирок ал кайрадан аппеляциялык даттануу менен сотко кайрылып, Жалал-Абад облустук сотунда каралып жаткан.

К.Д.нын жансыз денесине кароо жүргүзгөндө кара түстүү жипке окшош нерсеге асынып алгандыгы аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "өзүн-өзү асып өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле денесинде башка эч кандай жарааттар болбогондугу белгилүү болгон. Учурда тергөө иштери менен катар кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Маркум 2002-2006-жылдары милиция кызматында иштеп, терс көрүнүштөрдөн улам ички иштер органдарынан биротоло бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.01.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыска нуска,түшүнүктүү жаңылык
14.01.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектеби же Жалал-Абадтабы?
14.01.2020. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми өзүңөргө келдиңер
14.01.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Буга да Раим күнөөлүү десенер Букариктер
14.01.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
chake,точно катырбек экенсин
15.01.2020. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chake, Раимдин кашасын жегендерденсинби же кошоматчысынбы ал озундун ишин башты иштет кочукту иштетпей! Ат десе эшек депсинда!
14.01.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мойнуна эпти эмес куноолорду илип салган экенсинерда ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: