super.kg logo

Кытайда акчасын үнөмдөйм деп 5 жыл бою күрүч жеп келген студент кыз каза болду

 

Кытайдын Гуйчжоу аймагынын жашоочусу жакырчылыктан улам 5 жыл бою сууга бышырылган күрүч жана чили калемпирин гана жеп жүргөн. Ал Гуйян шаарынын ооруканасынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта айтылгандай, У Хуаянь болгону 24 жашта болгон. Анын өлүмүнө узак убакыт бою начар тамактангандыктан, анын жүрөгү жана бөйрөгү жабыркагандыгы себеп болгон. Кыздын ата-энеси каза болуп калгандан кийин иниси менен бирге күн кечирип келген. Бирок иниси психикалык жактан жабыркагандыктан, ал медициналык жардамга муктаж болуп турчу. Иниси экөө жергиликтүү бийлик төлөп берген 300 юань (3033 сом) өлчөмүндө жөлөк пул менен күн кечирип келишкен. Андан сырткары, кыз өзү окуган колледжден жыл сайын берилүүчү 7 миң юань (70 миң 770 сом) өлчөмүндөгү стипендияга татыган. Бирок анын акчасынын көбү инисинин дарылануусуна кетчү. Акчасын үнөмдөө үчүн У Хуаянь сууга бышырылган күрүч жана чили калемпири менен гана азыктанууга өткөн.

2019-жылдын октябрь айында анын ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткен. Анын дем алуусу начарлап, басууда кыйнала баштаган. Ооруканага кайрылганда, дарыгерлер начар тамактангандыктан жүрөк жана бөйрөктүн иштешинин начарлашы деген жыйынтык чыгарышкан. Дарыланууга кыздын материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, ал ЖМКлар аркылуу коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Кайдыгер эмес жарандардан 1 миллион юань (10 миллион 110 миң сом) чогулганы менен ал учурда кыздын өмүрүн сактап калуу кеч болуп калган. Каза болордун алдында анын салмагы 22 килограммды түзгөндүгү айтылган.

Бул окуядан кийин Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин 2020-жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы жакыр үй-бүлөлөрдүн санын азайтуу тапшырмасын берген. 2019-жылдын ноябрь айына карата Гуйчжоу аймагында 150 миң жакыр адам бар экендиги аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
15.01.2020. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш кыз
15.01.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менида кудай сактаган экенда,студен кезде 2кун сууга бышкан куруч жеген элем
15.01.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
AksyKum, 2 күнбү? Бул кыз беш жыл жеген экен да. Кудай сизди чоң сактаптыр)))
15.01.2020. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aikaaaa,ооба ото чон сактаптыр шугур деп отурам.тамаша,эч кимди Аллахым ата энеден эрте ажыратпасын,баарыбызга Аллахым адалдан кенен ырыскы берсин
16.01.2020. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AksyKum,бироого зар бироого кор дуйно деген ушул да. Олуп атса тамашалашчу нерсе эмес го
15.01.2020. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Апенди кыз десе
15.01.2020. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир окуя эсиме тушуп кетти. 2007-жыл болсо керек. Ноябрь айы эле. Айгерим деген кыз менен чогу квартирада жашап калдык. Бир подружкам аркылуу тапнышкан элек. 2-курста окуйт элем. Бир куну сабактан келсем дагы бир эже бар эле ал Россияга кетем деп аткан кетиптир байкуш шампунь майда чуйдо продуктыларды таштап кетиптир. Эртеси келсем жанагы Айгерим дагы жок продуктылар менен кошо. Менин акчаларым продуктыларым жаны кофта калготким кыскасы коп нерсе жок. Жада калса домашный тапкилеримда.
15.01.2020. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катырылган 1жилик эт кичине сахар анан 1кг куруч калыптыр. Апама чалып айтсам продукты жонотушту эртеси эле. Анда банктанда акча салышбайт эле. Же жанагы акча продукты жок даже туз жок. Универге барып келгени жолгирем эле бар.куруч менен сахар ото деле эмес экенин ошондо билгем
15.01.2020. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замандаштар ден соолуктан кымбат эч нерсе жок да! Ден соолукту сатып ала албайсың. Ден соолугунан аяп отуруп жашоодон көз жумду. Анчалык ден соолугунан аяп битирленип!
15.01.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайдын берген жашоосун курутуп өзұнөн өзү аяп.
16.01.2020. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sajakat14,инисинин дары дармектерине керектептир да байкуш, инисин ойлоп өзүн курмандыкка чалыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: