super.kg logo

Ысык-Көлдө 11 айлык наристе чарчап калды. Дарыгерлер денесинде анча-мынча көк ала тактар жана башында шишик бар болгонун билдиришти

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ооруканада 11 айлык наристе чарчап калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ак-Суу райондук ооруканасынын директору Эркинбай Урманаев билдирди.

Маалыматка ылайык, наристе 10-январдан 11-январга караган түнү саат 02:20да ооруканага келип түшкөн.

"Наристе бизге келгенде эле комага түшкөн. Анын башында шишик жана денесинде анча-мынча көк ала тактар болгон. Наристе сасык тумоо менен ооруп жаткандыктан, ага массаж жасадык деп таенеси айтып берди. Эртеси Каракол шаарынан башка дарыгерлерди чакыртып, наристеге башка дары-дармектер берилген. Бирок ал түшкү саат 1де чарчап калган. Ымыркайга экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен гана анын эмнеден улам чарчап калганы аныкталат", - деди ал.

Ошондой эле дарыгер кыздын апасы Түркияда иштеп, аны таенеси багып жатканын кошумчалады.

"Ымыркайдын апасы турмушка чыгып, жолдошу каза болуп калган экен. Анын эки баласы бар дешти. Апасы иштеп кетип, таенеси ымыркайды багып калган. Бирок апасынын деле туруктуу жашаган жери жок деп айтып жатышат", - деди дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.01.2020. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Массаж жасаганга көгөрмөк беле.Урган болсо колуң сынгырлар:(
Alpen.gold түзөттү 2020-01-14 21:43:36
14.01.2020. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Грипп болуп ооруган адамга массаж жасайт деп биринчи угушум
15.01.2020. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх байкуш кыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: