Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды
Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарак Асилбек уулунун бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды. Бул тууралуу "Ак ниет-Аманат" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.
"Тилекке каршы, Табарактын көрүүсү өмүр бою кайтарылбайт экен" деди ал. Операция азырынча Табарактын бир көзүнө жасалып, операциядан наристе аман-эсен чыккан.
"Операция ийгиликтүү жасалды, бала андан чыкканга чейин Кудайга жалынып отурдук. Бирок ал жарыкчылыкты өмүр бою көрө албастыгын угуп сай-сөөгүбүз сыздап турат. Баары бир жакшылыктан үмүт үзгүбүз келбейт. Дагы 1-2 аптадан кийин экинчи көзүндөгү шишик алынат. Дарыгерлер бала кыйналып калбасын деп биринчи бир эле көзүндөгү шишикти алды. Асылбек Нуркамил уулу менен чогуу жүрүп аларга абдан ичим ачышты. Дени соо адамдарга караганда жашоосу бир топ оор экен, ага карабастан балдарынын саламаттыгы үчүн аракет көрүп жүрөт", - деди Сапарбаев.
Буга чейин аталган коомдун башчысы Табарактан тышкары дагы 4 бейтап менен Индиядагы эң ири клиникалардын биринде дарыланып жаткандыгы жазылган.
Эске салсак, Табарактын атасы Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Өткөн жылы жеке курулуш компаниясы жана кайрымдуу адамдардын жардамы менен "Ак ниет-Аманат" фондунун демилгесинде үй-бүлө 3 бөлмөлүү батирлүү болгон. Мындан тышкары, Табарактын жүрөгүнө операция жасалган.
Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды








1 |