super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аида Касымалиева: "Аялдарды өлтүрсө, ура берсе болобу? Өлтүргөндөн кийин дагы аялдарды күнөөлөп жатышат"

 

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, вице-спикер Аида Касымалиева 2018-2019-жылга карата үй-бүлөдөгү зомбулуктан канча адам каза тапканын сурады.

Буга Памир Асанов: "Маалымат борборунда катталган иштер боюнча 2018-жылы 2 адам, 2019-жылы 2 адам", - деп жооп берди.

Бул жоопко карата вице-спикер: "2018-жылы 68 аял өлдү деген тастыкталган статистика жүрөт. Жалпы 8159 адам зомбулукка кабылган", - деди.

"Январь ичи 2 аял зомбулуктан каза тапты. Болгондо да мыкаачылык менен. Зомбулукка көбүнчө аялдар тушугат. Аялдар өлүп жатат. Биз ичкилик себеп дегенибиз менен андай эмес. Ичкилик болсо агасын же атасын уруп өлтүрмөк. Эркек эркекти өлтүрмөк. Аялдарды өлтүрсө, ура берсе болобу? Өлтүргөндөн кийин дагы аялдарды күнөөлөп жатышат. Ички иштер министрлиги үчүн бул кылмыш эмес. Зомбулук боюнча 8159 иштен 563 иш гана сотко берилген", - дейт Касымалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: