super.kg logo

"Кыргыз өлкөсүндө 2 жылдай кулчулукта иштедим. Түнү качып кетпесин деп бутубузду кишендеп коюшчу" дейт "Жди меня" берүүсүнө катышкан Казакстандын тургуну

 

10-январь күнү Орусиянын Биринчи каналынан "Жди меня. Казакстан" берүүсү көрсөтүлгөн. Анда кыздарын жана карындашын издеген Казакстандын тургуну Василий Евдошенко тууралуу сюжет даярдалган. Орусияда төрөлгөн Евдошенко 2 жашында эжесинин колунда Фрунзе шаарында тарбияланып, кийинчерээк Казакстанга барып үйлөнгөнү айтылган. Учурда ресоциализация борборунда жашаган каарман берүүгө кийинки тагдыры тууралуу айтып берип жатып Кыргыз өлкөсүндө кулчулукта болгонуна токтолгон.

"Кыргыз өлкөсүндө Жаңы-Жер деген айыл бар. Ал жакта лезгиндерде иштегем. Өткөн жашоомду эстегим да келбейт. 2 жылдай кулчулукта иштедим. Биз чөпканада жашачубуз. Күндүз өздөрү кайтарып иштетишчү. Түнү качып кетпесин деп бутубузга 1 жарым метрлик чынжырды байлап коюшат эле. Таңкы саат 4тө туруп иштечүбүз, күнүнө бир жолу 8 кишиге чоң нан, айран берип коюшчу, ошону бөлүп жеп алчубуз. Кийин кожоюндун баласы, тууганы менин качып чыгышыма жардам беришкен", - деген каарман. Андан соң "Карындашым Мария Карболина азыр менин каякта экенимди деле билбейт. Ал учурда Кыргыз өлкөсүнүн Чүй облусундагы Беш-Терек айылында жашайт. Оксана, Алёна кыздарым, карындашым Мария, менден кетсе кечиргиле жана колуңардан келсе алып кеткиле" деп көзүнө жаш алган аксакал.






"Жди меня" программасына катышкан казакстандык кыргыз өлкөсүндө 2 жыл кулчулуукта жүргөнүн айткан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.01.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мыкаачылар
15.01.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ооййооу биздин Кыргызстанда кулчулук бар бекен. Кармап камаш керек андай наадандарды. Кыргыздын колунан мындай наадандык келбейт, дити барбайт андайга эч качан. Биз корс муноз болушубуз мумкун, бирок андай наадан эмеспиз кыргыздар
15.01.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
suban78,кыргыздар эмес лезгиндер деп айтып жатат
15.01.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
murat17,лезгин ким алар, ошондой улут барбы
15.01.2020. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Alia82,Кавказдагы элдердин бири.Чечендер Орто Азияга Сталиндин учурунда депортацияланганда чечендердин арасында келип калишкан болсо керек да.
15.01.2020. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ысволуштар кыргызстанды жаман атты кылышканын лезгиндердин!
Медиа-портал
15.01.2020. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш киши.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: