super.kg logo

Оң колуң бергенди сол колуң билбесин. Англиянын полициясы айылдын жашоочуларына акча салынган баштык калтырып жүргөндөрдүн ким экендигин аныкташты

 

Эсиңиздеби, буга чейин Англиянын Дарем графтыгынын Блэкхолл-Кольери айылынын жашоочуларына 5 жыл бою кимдир-бирөө акча салынган баштык калтырып жүргөндүгү тууралуу жазылган. Полиция кызматкерлери сырдуу адамдын ким экендигин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ага ылайык, мындай сырдуу көрүнүш Англиянын Дарем графтыгындагы Блэкхолл-Кольери айылында катталган. Ар бир ташталган баштыкта 2000 фунт-стерлинг (болжол менен 180 миң сом) болгон. Айыл тургундары 2014-жылы жалпы 13 баштыкты полицияга тапшырышкан. Полиция кызматкерлери бул иштин бетин ачуу максатында банк жана бармак издери аркылуу текшерип көрүшкөндүгүнө карабастан, жыйынтык болгон эмес.


Декабрдын аягында Рождествонун алдында ал сырдуу адамдар ким экендиги аныкталган. Алар экөө болгон жана полицияга өздөрү барып, бул ишти эмне үчүн кылып жаткандыктарын түшүндүрүшкөн.

Анда алар аты-жөнүнүн сырдуулугу сакталуусун өтүнүшкөн. Мунун себебин кайрымдуулук иш үчүн көңүл чордонунда болуунун зарылдыгы жок деп түшүндүрүшкөн. Бир канча жыл мурун сырдуу акча таштап кетүүчүлөр күтүүсүздөн байып кетишкен. Ошондо алар ашыкча акчаларын Блэкхолл-Кольери айылынын тургундары менен бөлүшүүнү туура көрүшкөн. Алардын бири аял болгон. Анын айтымында, бул айылдын жашоочулары ага кандайдыр бир жардам берген (кандай жардам экенин айткан эмес) ошондон кийин бул айылдын жашоочуларына ыраазы болгон. Кээ бир учурларда алар акча салынган баштыкты таштаган жерге кимдир-бирөө алып кеткенче жашынып да тургандыгын айтышкан. Полиция кызматкерлери бул адамдарга ыраазы болушкан.

Мындан тышкары, алар Блэкхолл-Кольери айылында жашабагандыгын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
15.01.2020. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кандай сонун, ошолорду биздин айылга алып келиш керек экен.
15.01.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен билгенден Кыргызстанда дагы бар мындай адамдар.Бирок ачык айтылбайт.Жылына 1 жолу орозо айына жакындаганда,орозо айында же курбан айт кундоруно чейин 30.000 сомдон бейтааныш кишилерге (мурун сыртынан байкап,жашоого коз карашы жакшы,уй-булоосуно кам коргон,бирок турмушунда акчага муктаж) берип жакшы нерселерге иштетип коюнуз деп берген адамдар бар.Аты жонун эч качан айтпайт.
15.01.2020. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде кайрымдуулук фонддор баш болуп рекламага чыгышат сразу.1 пакет продуктудан бери жадагалса эски кийим алган адамдардан бери тартып чыгарышат.
15.01.2020. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай жакшы,
,айтып койгулачы бизге да бир баштыгын берип жиберишсинчи...
15.01.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Артып калган акчаны таштап кеткен дейт.Карачы,артып калган деген создо эмне деген терендик жатат.Бизде оммуру артпайт го дейм да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: