Жалал-Абад. ОИИБи уюштурган футболдук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
Футболдук мелдештин ачылуу аземи учуру
Футболдук мелдештин ачылуу аземи учуру
2010-жылдын июнь окуясында каза болгон 3 милиция кызматкерине куран окутулду
Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков оюнду ачып берүүдө
Оюндун жүрүшү
КРнын футболунун легендарлуу футболчулары менен Жалал-Абад ОИИБинин башчысы
оюндун жүрүшү
Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда 17-18-август күндөрү Жалал-Абад ОИИБи "Мекеним менин - Кыргызстан" аттуу ураандын алдында футболдук мелдеш уюштурду. Мекеменин кабарлашынча, 1-орунду Жалал-Абад ОИИБинин борбордук аппаратынын кызматкерлери ээлеп, түстүү сыналгы жана 50 миң сом, 2-орунду баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын облустагы өкүлчүлүгүнүн оюнчулары ээлешип, түстүү сыналгы жана 30 миң сом менен сыйланышты. Ал эми Базар-Коргон районунун футболчулары 3-орунду алып, 20 миң сом, түстүү сыналгы менен сыйланышты. Мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын укук коргоо кызматкерлери катышты.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















