Депутат дарыгерлерди, мугалимдерди юридикалык жактан колдоо борборун ачууну сунуштады
Депутат Жылдыз Мусабекова дарыгерлерди, мугалимдерди юридикалык жактан колдоо борборун ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ата-эне, коом жоопкерчиликтен кутулуунун оңой жолун таап алдык. Балабыз ооруса ак халатчандар күнөөлүү, сабак билбесе мугалим желмогуз. Өзүңүздөр билгендей, Өзбекстанда бейтап ак халатчанга бензин чачып өрттөр алдында кайдыгер эмес адамдар куткарып калган. Азыркы учурда Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрине, башкы прокуратурага, укук коргоо органдарына чоң талаптарды коюуда. Эмнеге биз өзүбүздүн жаш адистерибизди колдобой жатабыз? Жаш адистер аз деп шылтоо айтасыңар. Биз аларды жумушка кире электе эле чүнчүтүп салдык. Тез арада Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги дарыгерлерди, мугалимдерди юридикалык жактан колдоо борборун ачып, ар тараптан колдоо киргизилиши керек. Жөн гана жумуштан айдалгандар жумушка кайрадан алынышы зарыл", - дейт Мусабекова.



