super.kg logo

Ош облусунда калкты электрондук түрдө каттоо башталат

 

Ош облусу боюнча калкты электрондук түрдө каттоо иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришет.

Ош шаарынын мэриясында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүнүн жүрүшү боюнча жыйын болду.

"Кыргыз жергесинде калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Бул боюнча өкмөттүн атайын токтому кабыл алынган. Эл каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилеринен турган комиссиянын курамы түзүлүп, алдыга бир топ милдеттер коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Малым болгондой, эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Алдыдагы эл каттоо мурда өткөрүлгөн эл каттоодон айырмаланып, электрондук форматта болот. Ар бир үйгө барган каттоочулар тарабынан жашоочулар тууралуу алынган маалыматтар смартфондорго түшүрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: