super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Премьерге көйгөйлүү маселени чечүү жолдору боюнча кат менен кайрылсам, өкмөттүн аппаратынын кызматкери мага ошол маселени чечүү боюнча тапшырма берилген кат жөнөттү"

 

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов премьер-министрге көйгөйлүү маселени чечүү жолдору боюнча кайрылганын айтты.

"2019-жылдын декабрь айында премьер-министрге көптөн бери чечилбей жаткан көйгөйлүү маселени чечүү жолдору боюнча атайын кат менен кайрылгам. Ал менин катымды өзү окудубу-жокпу аны так билбейм. Бирок бир айдан кийин өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкеринен кат келди. Ал мага ошол маселени чечүү боюнча тапшырма бериптир. Мен премьер-министрден суранып жөнөткөн кат мага тапшырма болуп келип жатат. Биз кайрылган маселелер боюнча кайра бизге тапшырма берип жатышса, анан ал маселелер качан, кантип чечилет?" - дейт Ормонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: