super.kg logo
  Саясат  

Азимбек Бекназаров: "Керек болсо азыркы жана мурдагы президенттер биригип алып өлкөнүн келечегин талкуулап, чогуу реформа кылышы керек"

 

Бүгүн, 16-январда мурдагы башкы прокурор, өткөн айдын декабрь айында Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда ал элдик курултай иштеп чыккан мыйзамдар каралбай жатканын айтып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, бул курултайда мыйзам жазууга лицензиясы бар.

"Мени азыр сындап жатышат. Президент менен сүйлөшүп алып тигинтти-минтти дешүүдө. Мен 5 президентти көрдүм, алардын бири да өзүнө карата сын айткандарга жакшы сөз айтышкан эмес. Буга чейинкилер оппоненттерди жок кылгыла, тазалагыла деген буйруктарды беришчү. Бул президент биздин, элдин курултайдын сунуштаган мыйзамын укту. Ооба, бизге ушундай реформа керек, бирок азыр эмес деп жооп берди. Элдик курултай бул феодалдык заман эмес, заманбап тил менен айтканда бул форум. Ата-бабаларыбыз да аксакалдар топтолуп, кеңешип маселени чечишчү. Керек болсо азыркы, мурдагы президенттер биригип алып, өлкөнүн өнүгүшүн ойлонушу керек", - деди Бекназаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: