Футболчу Тамирлан Козубаев Индонезиянын клубу менен келишим түздү



Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу Тамирлан Козубаев карьерасын Индонезиянын Жогорку Лигасында улантат. Футбол федерациясынын тараткан маалыматына ылайык, футболчу "Персита Тангеранг" клубу менен 1 жылга келишим түздү.
Буга чейин "Дордой", "Алга" футболдук клубдарында ойноп келген Тамирлан Козубаев былтыр эркин агент катары малайзиялык ПКНС футболдук клубу менен 1 жылдык келишим түзгөн.
Тамирлан Козубаев "Дордой" клубунда негизги оюнчулардын бири болуп келген. Кыргыз улуттук курама командасы менен Азия Кубогунда 4 оюнга катышып, өзүн мыкты көрсөтө алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.