super.kg logo

Дональд Трамп жана Кытайдын вице-премьери Лю Хэ жаңы соода келишимине кол коюшту

 

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кытайдын вице-премьери Лю Хэ 1-фазадагы соода келишимине кол коюшту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, бул келишим 2 фазадан турат жана бул жолу биринчи фазасы талкууланып, кол коюлган. Келишимдин негизги максаты товар алмашуудагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу. Келишимдин негизинде 2 жыл аралыгында АКШ жана Кытайдын импортунун көлөмү 200 миллиард доллар болору болжолдонууда. Бул жолугушууда Трамп жакынкы аралыкта Кытайга баруу ниетин дагы билдирген.

Белгилей кетсек, АКШ жана Кытай соода тармагындагы талаш-тартыштар 2 жылдан бери уланып келген. Мындай абал Трамп Кытайдын товарларына кошумча салык киргизгенден кийин башталган. Буга жооп кылып, Кытай тарап ар кандай кадамдарга бара баштаган. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр 2018-жылы башталган, бирок 2019-жылдын жай айларында аягына чыккан.

Ал эми экинчи фазада эки өлкөнүн товар салыктарын төмөндөтүү маселелери каралмакчы деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
16.01.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы болуптур. Кытай начар товарын Америкага жонотсун
16.01.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Америкалыктар биз беле жаман товар ала бергидей,аларда эвро стандарт деген бар,Россияда ростест,дегендей эле,биз эле ала беребиз либой товарын.
17.01.2020. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трампты жакында сенаторлор кочуко тебетко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: