"Versace" мода үйү кенгурунун терисин колдонуудан баш тартты
Италиялык "Versace" мода үйү эми кийим жана бут кийим чыгарууда кенгурунун терисин колдонбойт. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.
Маалыматта жазылгандай, мындай чечим 2019-жылы эле кабыл алынганына карабастан, ал тууралуу бул аптада гана белгилүү болду. Кенгурунун терисин колдонуудан баш тартуу Австралиядагы масштабдуу өрт менен түздөн-түз байланыштуу эместиги, мындай чечимге италиялык жаныбарларды коргоочулар тарабынан болгон кысым түрткү болгондугу айтылган. "Versace" мода үйүнүн өкүлү эми алар кенгурунун терисин колдонуудан баш тартышкандыгын тастыктаган билдирүү тараткан.
Буга чейин Австралияда 2019-жылдын октябрь айында башталган масштабдуу өрттүн кесепетинен 1 миллиарддан ашык жаныбар кырылганы жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.