2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча компания старт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Анда декларациялык компания 2 этап менен өтөрү белгиленди.
“Биринчи этабы 2020-жылдын 1-мартына чейин юридикалык жактар үчүн жүрсө, экинчи этап 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлөт. Жарандар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору, мүлк обьектилери, экономикалык ишмердиктери жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек”, - деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.