super.kg logo

Кытайдагы сырдуу вирус Японияда катталды

 

Японияда биринчи жолу Кытайдын Ухан шаарында күч алган коронавирус чакырган пневмония оорусу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Кытай жараны Ухан шаарында жүргөндө өзүн жаман сезип баштаган. 6-январда Японияга келип, 10-январда ооруканага дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөн абалда түшкөн. 5 күндөн кийин аны ооруканадан чыгарышкан. Бактыга жараша аны жакындары, туугандары вируска кабылган эмес.

Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухан шаарында катталган. Кытайда вируска кабылгандардын саны 59га жеткени, андан сырткары Ухандан Таиландга барган бир аялдын да пневмонияга кабылганы аныкталган. Вирус адамдан адамга жугары толук далилденген эмес. Болжолдуу түрдө вирус жаныбарлардан жана тирүү деңиз азыктарынан жугушу мүмкүндүгү айтылууда.

Кытайдан чыккан вирустан учурда дүйнө чочулап турган чагы. Ага байланыштуу Казакстанда Кытайдан келген жарандардын ар бирин санитардык-карантин текшерүүдөн өткөрүп жатышканы тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.01.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызтанды да текшеруу керек го главный варота бизде болуп жатса кытайлардын.
16.01.2020. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде баары болуп буткондон кийин башталат да текшеруу, бизде качан алдын ала болчу эле текшеруу, ошондо да чондордун кочугуно куч келсе башталышы мумкун...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: