super.kg logo

21-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

 

Кыргызгидромет 17-21-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-январда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

20-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда күндүз жана 21-январда түнкүсүн айрым тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-январда күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: