super.kg logo

ДЦП менен жабыркаган кыз реабилитациялык сабак учурунда сөөктөрү сынып кетип каза болгон

 

Орусиянын Курган шаарында ДЦП менен жабыркаган кыз реабилитациялык сабактан кийин каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы май айында кыздын энеси Татьяна Куляхтина муундарында маселеси бар кызына реабилитациялык борборго жолдомо алган. Көндүрүүчү дене тарбия сабагында кыз эсин жоготуп, эртеси каза болуп калган. Эскпертизанын жыйынтыгында, кыз морт сөөктөрүнүн сынып кеткенинен көз жумганы аныкталган. Ошондой эле ал 3-даражадагы остеопороз (организмдеги фосфор-кальций алмашуусунун негизинде жаралган сөөктүн морттугу) менен жабыркап келгени жана аны бир да дарыгер аныктай албаганы айтылган. Бир жылдан кийин борбордун дарыгерлеринде баланын ооруганы тууралуу маалымдама жок болгонуна байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Кызынан ажыраган эне Саламаттыкты сактоо департаментинен 1 миллион 525 миң рубль өндүрүү аракетин көрүүдө. Анткени анын жактоочусу Алексей Зарецкийдин айтымында, борбордо көндүрүүчү дене тарбия боюнча дарыгер болушу керек эле, мындай орун борбордо жок болгондуктан алар ДЦП менен жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежесин бузушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: