Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун наркын төмөндөтүү жөнүндө Мыйзамына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун наркын төмөндөтүү жөнүндө Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинини 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлгөн: — жол белгилеринин талаптарын аткарбоо; — жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо: — токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; — коопсуз дистанцияны жана башка учурлар.
Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуунун жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.










1 |