Бишкек жана Ошто мамлекеттик кризистик борбор ачылат





Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жыл башында үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепетинен ырайымсыздык менен эки аял өлтүрүлүп, жарандык никедеги жубайын өрттөгөн учур катталды. Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жабырлануучу маселесин өз алдынча жеңип чыга албай калган кырдаал. Бул жерде үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү - аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жабыр тартып жаткандыктан, мамлекеттик институттардын жана коомдун кийлишүүсү зарыл», - деди Алтынай Өмүрбекова.
Анын айтымында, 2019-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепетинен улам 7045 укук бузуу фактысы катталып, кайтарууга 6145 ордери берилген, кылмыш иштин болгону 649у сотко жөнөтүлгөн. "Маселенин маанилүүлүгүн эске алып, прокуратура органдарын үй-бүлөдөгү болгон ар бир зомбулук фактысын өзгөчө көзөмөлгө алууга, мыйзамдын аткарылышын катуу көзөмөл жүргүзүүгө, Ички иштер министрлигинин жетекчилигин жеке курам менен жооп кайтаруу, тергөө баскычындагыдай эле үй-бүлөдөгү зомбулукка өзгөчө мамиле керектиги тууралуу тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чакырам", - деди Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында жакын арада эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. «Мындан тышкары, бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал коомдук башталыштарда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн түзүлөт", - деди вице-премьер.
Алтынай Өмүрбекова жоопкерчилик чараларын күчөтүү, укуктук билим, сабаттуулукту арттыруу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, кеңири маалыматтык-агартуучулук ишмердүүлүк аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү керектигин айтты.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы түзүлгөнү тууралуу маалымдалды.



