super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыгында каза болгон 4 Кыргыз жаранынын жашы такталды

 

16-январь күнү Казакстандын Ак-Төбө облусунда жол кырсыгы катталып, 4 Кыргыз жараны каза болгонун казакстандык басылмалар жазып чыгышкан.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү маалыматты тастыктап, каза болгондордун аты-жөнү, жашы такталганын билдирди.

"Ак-Төбө облусунун Иргиз районундагы Самара-Шымкент унаа жолунда ВАЗ 21070 үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 4 Кыргыз жараны каза болгон. Алар:

1991-жылы туулган К. А.;

1993-жылы туулган К. А.;

1995-жылы туулган К. М.;

2001-жылы туулган А. М.;

Мындан тышкары, 1997-жылы туулган К. Г. аттуу кыз жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда ага медициналык жардам керек.

Каза болгондордун жансыз денеси Иргиз райондук өлүкканасына жөнөтүлдү. Учурда казак тарап жол кырсыгынын себебин тактоо иштерин баштап, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Маркумдардын жакындарына кырсык тууралуу маалымат айтылды. Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилиги тарабынан каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн жардам көрсөтүлөт", - деп кабарлашты маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: