Венера Жуматаева "Азаттыктын" Борбор Азия кызматтарынын жетекчилигинен алынды. Анын ордуна Би-би-синин бул аймактардагы башчысы келди



"Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин Би-би-синин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кызматтарын 14 жыл жетектеген Хамид Исмаилов дайындалганын аталган маалымат каражаты жазууда.
Өткөн жылдын 19-августунда Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык коомчулугунун өкүлдөрүнүн атынан саясат таануучу Табылды Акеров "Эркин Европа радиосу"/"Азаттык радиосу" радио уктуруу уюмунун президенти Жейми Флайга кайрылган ачык катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда "Эркин Европа Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысынын милдетин аткаруучу Венера Жуматаева коррупцияга, бийлик, саясатчылар, саясый топтор менен тил бириктирүүгө, жердешчиликке айыпталып, калыстыктан тайып кеткен деген жүйө менен ага текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылуу жасалган.
Хамид Исмаилов жаңы кызматына 1-февралдан баштап киришет.










1 |