super.kg logo

Токмокто 16 жаштагы өспүрүмдүн апасы өткөн жылдын март айында кызы зордукталганын айтып, милицияга кайрылды

 

Токмок шаарында өспүрүм кыз 2019-жылдын март айында зордукталганын айтып, апасы милицияга кайрылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер органдарына, жергиликтүү 45 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда кызын 2019-жылдын март айында 17 жаштагы окуучу Токмок шаарындагы эски имараттардын биринде зордуктаганын айткан. Ал бул окуя тууралуу бул жылдын 12-январында угуп, дароо ички иштер органдарына кайрылган.

"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталган. Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы баланын аты-жөнү такталып, ал ата-энеси менен милиция бөлүмүнө жеткирилген. Териштирүү учурунда шектүү ал кыз менен 2018-жылдын июнь айында таанышып, ошол эле жылдын декабрь айынан тарта алар кыз-жигит катары сүйлөшө башташканын айткан. Ал зордуктоо фактысын четке кагып, экөөнүн ортосундагы мамиле эки тараптын макулдугу менен болгонун айткан. Бул окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ар тараптуу ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.01.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Убагында кынкысташып коюп, буга чейин деле кынкысташып келген да просто апасы эми билип калып сотко берип аткан кербези окшойт
17.01.2020. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыр кыздардын озунон коп нерсе коз каранды. Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт деген туптуура.Чак тушто эч ким зордуктабайт, жигит 17 озу 16 да болсо албетте обоюдно эле болду да демек.
17.01.2020. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушунча убакыт айтпай иш кылды анан жигити менен урушуп кеткенде очошуп апасына айткандырда.болбосо бир жыл тилин жутуп алды беле айтпай
17.01.2020. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ата энелери суйлошуп уйлондуруп койсо туура чечим болсо керек!
17.01.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Миндайлар коп азыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: