super.kg logo

Орусиялык ырчы Сергей Лазарев Инстаграмдагы досторунан "отписка" кылганынын себебин ачыктады

 

Орусиялык белгилүү аткаруучу Сергей Лазарев Жаңы жылдан кийин баарынан "отписка" кылып кеткенинин себебин түшүндүрүп, жеке баракчасына билдирүү калтырды.

"Инстаграм менин убактымды көп алчу болду. Мен көрсө, мага керектүү дагы, керексиз дагы маалыматтарды ала берет экем. Бул тармак менин кенен жүрүм-турумума дагы тоскоолдук жаратып жатыптыр. Акыркы кезде өзүмдү мен жазылган баракчалардагы досторумдун, кесиптештеримдин жашоосу менен жашагандай сезип калгам. Алардын эрте менен кандай тамактанганын, кандай кийим кийгенин, кайда барганын, ким менен ырдаганын баарын билчүмүн. Мындан улам мен өзүмдөн, “мага алар тууралуу маалыматтардын эмне кереги бар?” деп сурадым. Ошондуктан дос, тааныш, жоро-жолдошторумдун, туугандарымдын жеке баракчаларына жазылган болсом, алардын баарынан өзүмдү "отписка" кылууну туура көрдүм. Бул кадамдан кийин менин өзүмө арнаган убактым кенен болуп калды”, - деп жазган Лазарев.

Ырчы комментарий жазууга дагы чектөө киргизип койгон. Анын себебин ал тааныш эмес адамдардын ага жашоо, музыка, чыгармачылыгы, жүрүм-туруму жана бала тарбиялоо тууралуу кеп-кеңеш бергенин жактырбай турганы менен түшүндүргөн. Ал бул кадамы үчүн күйөрмандарынан, жакындарынан кечирим сурап жана мындан ары деле кадимкидей социалдык тармактар аркылуу жаңылыктар менен бөлүшүп турууну убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
17.01.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эн туура кадам, биронун жашоосу менен жашабай озундун келечегинди ойлош керек
17.01.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен да фейсбуктан кеттим. Инстаграммга кирбейм башында эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: