super.kg logo

Экинчи борбор аталган Ошто "Beeline" компаниясынын колл-борбору ачылды

 

"Beeline" компаниясы Ош шаарында биринчи колл-борборун расмий түрдө ачты. Бул борбор мобилдик операторлор арасындагы алгачкы контакт борбору болуп эсептелинет.

Түштүк аймактагы колл-борбор кардарлардын чалууларын 2019-жылдын 22-октябрында кабыл ала баштаган. Жаңы борбор декабрь айында башка кеңсеге которулган. Бүгүн, 17-январда борбордун расмий ачылышы орун алып, иш-чараны "Скай Мобайл" компаниясынын жетекчиси Евгений Кражан ачты. Ачылышты шаардык администрациясы колдоп, шаардык мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Каюмов келип берди. Мэриядан келген өкүл түштүк аймакта колл-борборун биринчилерден болуп ачкан "Beeline" компаниясы экенин баса белгилеп, өлкөнү санариптештирүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Beeline" компаниясынын кардарларынын көбү түштүк аймактан болот. Мындан улам кардарлар менен байланышты жакшыртуу үчүн контакт борборун ачуу чечими кабыл алынган", - дейт Евгений Кражан.

"Бетме-бет сүйлөшүү аркылуу кардарлардын маселесин чечүү ыкчам жана натыйжалуу болот. Ошондой эле түштүк аймакта жумушсуздук курч маселелердин бири экенин эске алып, жаш адистерди иш менен камсыз кылууга аракет жасап жатабыз", - деди "Скай Мобайл" компаниясынын жетекчиси.

Операторлордун жумушу менен тааныштыруу үчүн Евгений Кражан кардарлардан келген бир нече чалууларды кабыл алды. Анда кардарлардын тарифтер тууралуу суроолоруна жооп берип, соңунда "Beeline" компаниясынын дарегине кандай каалоосу бар экенине кызыкты.

Кардарларды тейлөөчү колл-борбордун операторлору азырынча кыргыз жана өзбек тилдеринде кызмат көрсөтөт. Жакынкы аралыкта тажик тилинде дагы кызмат көрсөтүү ишке кирет. Борбордун кызматкерлерин шыктандыруучу система киргизилген, тагыраагы, канчалык жакшы иштеп, жогорку көрсөткүчкө жетсе маяна дагы ошончолук көп болот. Иш орундар заманбап эмеректер менен жасалып, кызматкерлер үчүн окуулар каралган. Мындай кадам сатуу жана тейлөө борборундагы кызмат көрсөтүүнү жогорулатууга багытталган.

"Скай Мобайл" компаниясынын кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эльвира Күрүчбекова колл-борбор карьера түзүүгө сонун мүмкүнчүлүк экенин белгилейт.

"Биздин практикадан алынгандай, карьерасын контакт-борборлордон иштөө менен баштаган кызматкерлерибизден мыкты маркетолог, IT жана кардарлар менен иштөөчү адистер тапталып чыкты. Анткени кызматкерлерибиз кардарлардын бардык маселесин терең түшүнүп, алардын көйгөйүн чечүүнүн платформаларын мыкты билишет. Алард жогорку көрсөткүчтөр аркылуу кызматтык көтөрүүлөргө жетишсе болот. Мындай жетишкендикке Бишкектеги жана Оштогу кеңселерде дагы жетишсе болот", - дейт Күрүчбекова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
17.01.2020. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
каап пример министир акабиз келбептир
18.01.2020. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элге пайдасы тийе турган чон чон гестер завод фабрикалар качан салынат? Эмнеге ушуга окшогонго элибиздин жетекчилердин аң сезими жетбей?
18.01.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз орус тили болот да!Кайдагы озбек тажик тили алардан арыла албай турганда!Улутчулдук эмес алар Кыргызча суйлошпойт!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2020-01-18 17:00:20
19.01.2020. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azatbek.Svoboda.,Оба кошулам Кыргыз Орус болду башка тилдин кереги жок
19.01.2020. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайн ошто жакшы иштебейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: