super.kg logo

Жылдыздар эми кантет? Инстаграмдан ашыкча фотошоптолгон сүрөттөр жашырылып баштайт

 

Инстаграм социалдык тармагында дезинформация менен күрөшүү иштери 2019-жылдын декабрь айында башталган. Бир айдан соң программисттер жаңы функцияны - ашыкча фотошоп колдонулган сүрөттөрдү жашырууну иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз Инстаграмдагы көргөн нерсеге ишенүү жаратууну каалайбыз. Сүрөт, видео аркылуу дезинформация тараткандар учурда көбөйүүдө, ошондуктан биз мындай маселени чечүүгө кириштик. 2019-жылы май айында АКШлык фактчекерлер менен иш алып барып, жалган маалыматты аныктоону колго алып баштаганбыз. Эми аталган программаны дүйнө жүзүнө тест катары колдонуудабыз", - деп билдирген социалдык тармактын өкүлү.

Мындан ары "туура эмес" же "суроо жаратат" деп белгиленген сүрөттөр фактчекерлер тарабынан текшерилип, анык сүрөт экени аныкталбаса, "жалган маалымат" катары белгиленет. Бул сүрөт же видеону хештег менен табууга мүмкүн болбой, башкалардын лентасында алгач тунарып чыгып, алардын уруксаты менен гана көрсөтүлөт.

Дүйнөлүк жылдыздардан тартып кыргыз эстрада жылдыздарына чейин фотошоп деген программаны сүйүп колдонушчу эле, мындан ары сүйүктүү хоббиси ишке ашабы-жокпу, убакыт көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
17.01.2020. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошентсинчи, жылдызмын дегендердин чыныгы жузун королу.
17.01.2020. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асель Кадырбекова кантет экен эми Самаш экоо))))
18.01.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асель менен Самаш ХХХХ болуп корунуп калат экен да
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-20 09:50:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: