super.kg logo

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркиянын Изник шаарында өтөт

 

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркиянын Бурса аймагынын Изник шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Министр Бурса аймагы Кыргыз өлкөсү үчүн өзгөчө маанидеги жер экендигин белгилеп өттү.

“Азырынча Түркия тарап көчмөндөр оюндарынын күнүн, өткөрүү форматын айта элек. Кыргыз өлкөсүнүн маданий программасы жана спортчулары оюнга барууга даяр”, - деди Жаманкулов.

Маалым болгондой, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөрүн 2018-жылдын сентябрь айында Кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган журналисттерге билдирүү жасап жатып айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
17.01.2020. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайда өтсө жа Кыргызстан жеңишке жетет.
17.01.2020. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жакшы КР биз өткөрөбүз дебептир! Өзү аркага кетип жатса Көчмөндөр оюнуна балээ барбы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: