super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айнуру Алтыбаева: "Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды жашырганга болбойт". КҮНСОБОЛ

 

Депутат Таалайбек Масабиров массалык маалымат булактарында үрөй учура турган маалыматтар берилип жатканын билдирип, бул кичинекей балдардын психологиясына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айткан. Ал маалыматты бергенде чектөө киргизилиши керектигин белгилеген. Буга чейин дагы бир катар депутаттар ушундай сунуштарын айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды журналисттер чагылдырбаганы туура. Депутаттын мындай сунушу "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендик эмеспи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева маалыматтар чагылдырылышы керектигин билдирди.

"Ар бир депутаттын өзүнүн пикири болот. Мен депутаттын сөзүнө комментарий бере албайм. Өзүмдүн пикирим бар. Ушул жылдын башында эле аялдар күйөөсүнүн токмогунан каза болду. Бири оруканада оор абалда жатат. Мындай учурларда кайдыгерлик болбош керек, эл маалыматты билиши шарт. Милицияга маалымат берилиши зарыл. Негатив болуп жаткандан кийин маалыматтар чыга бериши керек. Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу окуяларды жашырганга болбойт. Тескерисинче журналисттер ачык-айкын маалыматтарды бериши зарыл", - дейт Алтыбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: