Биринчи вице-премьер айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей аткарууну тапшырды
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айылдарды таза суу менен камсыздоо маселесин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей аткарууну тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-январда өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында аткарылып жаткан иштер жөнүндө өткөн жыйында айтты.
Өкмөттөн билдиргендей, Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп бекеринен жарыяланбаганын айтты.
"Буга байланыштуу учурда аймактардагы 653 айылдын таза суу маселесин чечүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Суунун жетишсиздиги айлана-чөйрөгө, адамдарга өзүнүн кедергисин тийгизип, ошондой эле ичүүчү таза сууга болгон муктаждыкты жаратып жатат. Бул аталган маселени ыкчам чечүү керектигин айтып турат. Ушул максатта республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле донорлор аркылуу инвестицияларды тартуу боюнча тийиштүү жумуштар аткарылууда. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясын" аткаруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди", - деп белгиледи ал.
Кубатбек Боронов белгилегендей, айылдарды суу менен камсыздоо жана ирригациялык маселелерди жөнгө салуу максатында ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү карап чыгуу маанилүү болуп саналат



