super.kg logo
  Саясат  

Президент Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун иши менен таанышты

 

Бүгүн, 17-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкка барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун иши менен таанышты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов аталган борбордун дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз "Uptime Institute" уюмунун тастыктамалоосунан өткөн Борбордук Азиядагы жалгыз борбор экенин белгиледи. Жээнбеков банк секторун санариптештирүү өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири жана санариптик экономиканы куруунун ажырагыс бөлүгү экенин айтты.

Президент Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү менен маектешүү учурунда банк секторунун, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагындагы көрсөткүчтөрүн оң баалады. Бул багыттагы ишти улантуу жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

"Региондордогу кайра иштетүү өнөр жайын колдобосок, жумуш орундарын түзбөсөк жана экспортту көбөйтпөсөк, миграцияны кыскарта албайбыз. Биз каражаттарды экономикага, чет элдик рынокко чыгаруу үчүн ата-мекендик продукцияны кайра иштетүүгө салышыбыз керек. 2019-жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо дээрлик 29-30 пайызга өстү, бул региондорду колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын үзүрү. Региондорду өнүктүрүү саясаты мындан ары да күчөтүлөт", - дейт президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: