Өкмөт Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү комитетин түздү
Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын өкүлү билдиргендей, уюштуруу комитетинин төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дайындалды. Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бекитилди.
Уюштуруу комитетине Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Комитеттин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлгөн.
Ошону менен бирге Каржы министрлигине иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү караштыруу тапшырмасы берилди.




эч кандай шек жок. Бирок 90 100 110жылдык деп эле канчалаган миллиондорду корото бергенден эмне пайда. Же 110жылдык белгилебесек ал инсан эсибизден чыгып кетеби. Ойлонбой эле доодуроп бир кылган ишибиздин пайдасы жок миллиондогон каражаттарды корото бергенди токтотолу! Ошончолук болсо ошол инсандын атынан жетимдерге, карыларга же Памирден келгендерге жардам берели акыл эске келип мындай ойлонбойл