super.kg logo

"Мүмкүнчүлүк берем!". Зеленский премьер-министрдин отставкага кетүү арызын кабыл алган жок

 

Украинанын президенти Володимир Зеленский премьер-министр Александр Гончаруктун отставкага кетүү боюнча арызын кабыл албай койду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Зеленский өкмөт башчы менен жолугушуп ага дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берерин айткан.

"Сизге жана сиздин өкмөтүңүзгө коомчулукту кабатыр кылган маселелерди чечип берүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүнү чечтим. Өкмөттү күчтөндүрүү үчүн кесипкөй адистерди тартууну тапшырам", - деген Зеленский.

Ошондой эле президент министрлердин бирин дагы тажрыйбасы жок же адилетсиз деп эсептебей турганын кошумчалаган. Айтымында, Алексей Гончарук дагы өкмөттүн күчтөнүшүн каалап жатат.

Гончарук арыз жазганга чейин анын өлкө башчы Володимир Зеленский тууралуу жакшы эмес пикир айтканын далилдеген аудио жазуу тарап кеткен.

Кийинчерээк Гончарук социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү калтырып, кызматка президенттин программасын аткарууга келгенин айткан. Андан кийин кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн премьер-министрлик кызматына 35 жаштагы Алексей Гончаруктун талапкерлигин өткөн жылдын август айында жактырышкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.01.2020. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Украинада жалан жаштар келиптир. Бизде чалдар качан кетишет?
19.01.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уяты бар пр.министир экен,биздикилердин ХХХХ креслосуна кадалып калган.Дача суудагы кырсык боюна деле бир министир иштен кетмек тургай уялып койгон жок.Иштейм деген жаштарды мигрант кылып кууп жиберип,жеп жутаар мн ажыдаарлар калды.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-20 10:00:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: