Конор Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаут менен жеңип алды



Эки жылдан кийин октагонго кайткан ирландиялык мушкер Конор Макгрегор атаандашы Дональд Серронени 40 секундда нокаутка учуратты. UFC 246 турниринин алкагындагы мелдеш 19-январда Лас-Вегастагы "T-Mobile" аренасында өттү.
Биринчи эле раундда Конор Макгрегор америкалык атаандашына сокку жасап, 40 секундда нокаутка учуратты.
Буга чейин беттешти көрүүнү каалагандар көп болуп, билеттер бир сутка ичинде эле сатылып кеткени маалымдалган.
Конор Макгрегор акыркы жолу октагонго 2018-жылы октябрь айында чыгып, Хабиб Нурмагомедовго жеңилип калган.
Конор Макгрегор менен Дональд Серроненин беттеши
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Керек болсо мен Конорго жан тартып келем ар дайым,бул бой сатып алынганы, бойго чейин дуэль взглядовдо эле байкаганмын.
ХХХХ
Хабиб жеңсе хабибти мактайсынар эх