Блогер Конордун атаандашы Дональд Серронеге ишенип, миллион доллардан кол жууду



Кечээ, 19-январда Лас-Вегастагы "T-Mobile" аренасында өткөн ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен атаандашы Дональд Серроненин беттешине "Инстаграм падышасы" аталган блогер Дэн Билзерян миллион доллар коюп, 40 секундда акчасынан кол жууду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Беттештин алдында блогер жана покер оюнчусу Дэн Инстаграм баракчасына букмекердик контордо столдун үстүнө толтура банкнотторду төгүп, беттеште Дональд утат деген ишенимин билдирген. Баарына белгилүү болгондой, ал ишенген Дональдга Конор 1-раундда эле сокку жасап, 40 секундда нокаутка учураткан. Жыйынтыгында блогер саналуу секундда миллион доллардан кол жууган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
Рейтинг:
0

Бирөөдө жок зар болгон дүнүйө.
Жараткан Кудай ар кимдин амалына жараша берип койгон дүнүйө..