super.kg logo

Мурдагы милиция кызматкери жарандан опузалап, миң доллар алган учурда кармалды

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ош облусунда мурдагы милиция кызматкерин жарандан опузалап, акча алган учурда кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Финполго жаран арыз менен кайрылып, анда ИИМдин Оштогу башкармалыгынын кызматкеримин деген адам андан 1000 доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жатканын жазган. Акчаны бербесе ага кылмыш ишин козготуп, жоопкерчиликке тарттыра турганын билдиргенин белгилеген.

"Финполициянын кызматкерлери бул фактыны аныктоо үчүн алдын ала миң доллар камдашкан. Бирок өзүн ИИМдин өкүлүмүн деп тааныштырган адам акчаны колго албай турганын айтып, аны банктык эсебине которууну буюрган. 16-январда арыздануучу ал сумманы банк аркылуу которгон. С.Б. аттуу жаран Ош шаарындагы соода борборлорунун биринде жайгашкан банктан 69 миң 750 сомду алып кетип бара жаткан жеринен кармалды. Териштирүү иштеринде анын эч жерде иштебегендиги аныкталды. Ал ИИМдин мурдагы кызматкери экендиги белгилүү болду. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






Милициянын мурдагы кызматкери миң доллар пара алып кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менттер адам болгулачы. Эртен иштен бошогонунарда да элге аралаша тургандай болуп иштегиле.Биздин мурдагы участковый ото копкон болчу. Азыр иштен бошогон айылда итчелик кадыры жок. Аялы дагы таштап кетти. Кайсы жерде иштесен да адамдык сапатынды жоготпогула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: