super.kg logo

ЖЭБ иши: жактоочу кылмыш ишин убактылуу токтотуп турууну өтүндү

 

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралып жатат. Анда жактоочу Замир Жоошев: "мыйзам боюнча иште күмөн санаткан көрсөтмөлөр болгон, бул учурда сот "жазыксыздык жоромолун" колдонушу керек эле. Муну менен "жазыксыздык жоромолунун" принциби бузулууда", - деди.

Мындан тышкары, Жоошев иш конституциялык палатада каралгыча өндүрүштөн токтотуп турууну өтүндү. Сот кеңешүүгө чыкты.

Буга чейин 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечимин чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.01.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
111 млн долларды уурдап элдин казынасына кол салгандар жазасын алыш керек
20.01.2020. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
chake,
111 млн Сооронбайдын чонтогунон карап коргуло. Раиммиллионго окшогондорду Асылбек Жээнбековтор эмне учун соттолбойт. Болбосо ойдон чыгарылган нерсе менен бироонун караламай Сооронбайдын конумуш адаты. Азыркы Сооронбайдын бийлиги таза эмес. Курулай мактоо менен келген. Соке келгени акыйкат корголбой, эл арасында ыр-чыр күчөп, артка кетип атканы жашыруун эмес.
20.01.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат.Офшорго которулган акчалар , чет олкого салынган бизнесстерин кайтартуу керек мамлекетке.
20.01.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор Сокенин буйругун гана аткарып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: