super.kg logo

ЖЭБ иши: Судья жактоочунун кылмыш ишин токтотуп туруу боюнча өтүнмөсүнөн баш тартты

 

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда. Буга чейин жактоочу Замир Жоошев судьядан өндүрүштөн ишти токтотуп турууну өтүнгөн. Кеңешүүдөн келген судья Воронцова өтүнмөдөн баш тартылганын билдирди.

"Өтүнмөдөн баш тартылат. Мыйзамга ылайык конституциялык палата ишти соттун түздөн-түз кайрылуусу менен карайт", - деди ал.

Отурумдун жүрүшүндө мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев отурумга коллегиялык кылган соттор Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү. "Мен бир мамлекеттик айыптоочу жана сиздин жаныңызда отурган эки сотко ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Себеби алар иш экинчи инстанцияда каралып жатканда катышкан. Алар көз карандысыз чечим чыгара алабы?" - деди ал. Мындан тышкары, Сатыбалдиев алар отурган камера айнектен болгондуктан эч нерсе угулбай жатканын айтып нааразы болду. "Бизге бардык сөздөрдүн угулуп турушуна шарт түзүп бергиле же микрофон койгула. Ал болбосо эшикти ачып койсо деле качып кетпейбиз", - деди ал.

Соттук процесске Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
20.01.2020. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
неге токтотот? Жеп атканда токтотсоңор болбойбу?
20.01.2020. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек ЖЭБинен 100 млн. доллардан ашуун каражат уурдалганын жаш бала да билип калды. Бул акчаларды жабыш үчүн бир аттиштин баасын 600 долларга, 2-3 миң сомдук байкоочу камеранын наркын 14 миң долларга чейин кошуп эсептегенин элдин баары билип бүттү. Ал эмес коңшулаш Тажикстан 240 млн. долларга Бишкек ТЭЦинен кем калбаган жаңы ишкана курганы баарыбызга белгилүү болду.
20.01.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alimbek1000, кайсы көк мээ кычеачты 630 долларга алат элсестетсенер
20.01.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБди жеп жатканда силер да козунор кор, кулгынар дулой болгон.
20.01.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул ЖЭБ боюнча эмне чындык болуп жатат дейсинер. Ишин кыйратпаган Сооронбай Жээнбековтун буйругун аткарып жатышат. ЖЭБ боюнча биринчи Сооронбай озу камалыш керек эле. Соке келгени эзели бир жакшылык коргон жокпуз. Соке кетсин. Сооронбайдын же кылган ишин көрбөйсүң. Минтип кыйналып отурбай орунду бошотсо болмок. Баары бир колунан эшектин тезеги келбейт экен.
20.01.2020. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сооронбайга нааразы болгон эл абдан коп. Корунгон баш кесеер адамдарды сотко алып келип алып каалаган чечимдерин чыгартып жатабы.
20.01.2020. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
yrmat88,ушул iryi1 эконун катынынарды соке тартып алган окшой кетсин деп эле ызылдай бересинер элдин атынан суйлобогуло
20.01.2020. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар деле Атамбаевге окшоп сотко келүүдөн баш тартып жатыптыр. Ушул экөө жаңы келиндей назданып тажатты. Өмүр боюга камап салсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: