super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 20-ЯНВАРЬ: Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 52 жашка толду. Өкмөт башчы туулган күнүн кечинде үй-бүлөсү жана жакындары менен белгилейт

 
Бүгүн, 20-январь премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туулган күнү. Ал учурда кадимкидей эле жумушта экенин өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Анын айтымында, премьер-министр кечинде үй-бүлөсү жана жакындары менен туулган күнүн белгилейт.

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевич 1968-жылдын 20-январында Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. Ал 1994-жылы Айыл чарба институтунун агрономикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

1994-1995-жылдары - "Кыргызстан" финансылык-агро өнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

1995-1997-жылдары - "Ажар" ЖЧКсынын аткаруучу директору;

1997-1998-жылдары - өкмөткө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;

1998-1999-жылдары - Биринчи Май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы;

1999-2003-жылдары - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;

2003-жылы Социалдык фонддун Ички аудит башкармалыгынын башчысы;

2003-2007-жылдары - Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;

2007-2009-жылдары - Социалдык фонддун аппарат башчысы;

2009-2010-жылдары - Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;

2010-2016-жылдары - Социалдык фонддун төрагасы;

2016-2017-жылдары - Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри;

2017-жылдын август, сентябрь айларында - президенттин кеңешчиси;

2017-2018-жылдары - президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары;

2018-жылдын 16-мартынан тарта 19-апрелине чейин президенттик аппараттын башчысы;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта премьер-министр.

20-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: